Сүрөттүн автордук укугу Getty Images Image caption Ухань шаары камалоого алынган

Вэньцзюнь Ван 33 жашта, үй кожейкеси. Ал үй-бүлөсү менен жаңы коронавирустун очогу болгон Уханда жашайт.

23-январда Уханга карантин киргизилгенден бери шаардыктар эч жакка чыга албай олтуруп калышты. Шаардан чыкканга жана киргенге катуу тыюу салынды. Андан бери коронавирусту жуктургандар 20 миңге жетип, көз жумгандар 500 ашты.

Ухандан сыртка маалымат деле көп чыкпай жатат. Би-Би-Си Вэньцзюнь Ван менен байланышып, шаардын жашоосу тууралуу сурады. Биз анын айтып бергендерин сунуштайбыз.

Коронавирус эпидемиясы башталган маалда абам каза болду, атам болсо өтө оор абалда жатат. Апам менен чоң апамдан оорунун белгилери табылды. Томографияга түшкөндөн кийин алардын өпкөсү жабыр тартканы белгилүү болду. Бир тууганым дагы күрсүлдөп жөтөлүп, деми кыстыгып жатат.

Атамдын температурасы көтөрүлүп кетип, абалы оор. Кечинде 39,3 градуска чыгып кетти. Биз аны дем алдырган аппарат менен кармап жатабыз. Атама Кытайдын элдик медицинасынын дарыларын дагы, Батыштан келген дары-дармектерди дагы бердик. Ага расмий диагноз коюша элек болгондуктан ооруканага кабыл алыша элек. Анткени тест алган жабдыктар жетишсиз болууда.

Чоң апам менен апам өздөрүнүн абалы жакшы эмес болсо дагы, атама орун болуп калабы деген үмүт менен күн сайын ооруканага барып жатат. Уханда кимден оорунун белгилери байкалса, карантинге жөнөтөт. Андай жайларда инкубациялык мөөнөт бүткөнчө жаткырышат. Карантин жайларында базалык гана шарттар болгондуктан, оор абалдагы кишилерди алышпайт. Ошондуктан атама окшогондорго ал жерден орун табылбады.

Абам ошондой карантин пунктарынын биринде көз жумду. Ал жерде оор абалдагы бейтаптарга жетиштүү медициналык жардам көрсөткөнгө шарт жок. Атам ооруканага кабыл алынат деп үмүттөнөм. Бирок бизге эч ким байланышка чыкпады, жардам сунуштагандар болбоду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бир нече ирет социалдык кызматтарга байланышка чыктым. Алар азырынча ооруканага жайгаштырганга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтышты.

Атам менен абам карантин пунктуна жөнөтүлгөндө, биз ооруканага жатты деп ойлоптурбуз. Ал болсо мейманкана болуп чыкты. Дарыгер, медайымдар дагы жок экен. Жылуулук дагы берилбептир. Түштөн кийин барып жатышкан эле. Кечинде гана муздак тамак беришиптир. Абамдын абалы оор болгондуктан, эсин жоготкон. Аны дарыгерлер дароо кароодон өткөргөн эмес. Атам экөө эки башка бөлмөдө болгондуктан, таңкы саат 6:30 гана атам анын бөлмөсүнө келип, каза тапканын билген.

  • Ухандагы жашоо: "Коңшулар тирүү калабыз деп, мас жүрүшөт"
  • Эпидемиянын масштабы: Коронавируска чалдыккандардын так көрсөткүчү кандай?
  • Глобалдык каатчылыктын карааны: Коронавирус дүйнөлүк экономиканы эңшереби?

Азыр жаңы ооруканалар курулуп жатат. Ооруканага батпай калгандарды жылдырышат деп айтышты. Эгерде бийлик өкүлдөрүнүн айтканын аткарсак, анда биз карантин жайларынын бирине барышыбыз керек эле. Эгерде биз ошондой кылсак, анда атам дагы абамдын акыбалына түшөт. Андан көрө үйдө эле өлөлү деп чечтик.

Биздей бүлөлөр көп жана аларды дагы биз кабылган эле оорчулуктарды баштан кечирүүдө. Менин курбумдун атасынын дене табы көтөрүлүп барса, карантин жайына кабыл албай коюшуптур. Шаарда ресурстар жетишсиз жана ооруну жуктуруп алгандар көп санда. Биз эртең эмен болот деп, коркуп жатабыз.

Эгерде 23-январда шаар камоодо каларын билгенде, күн мурун эле үй-бүлөмдү алып чыгып кетет элем. Анткени бул жерде эч кандай жардам болбой жатат. (AbA)